Ош шаарында Казакстандын башкы консулдугу ачылды
- 11 месяцев мурун
- Видео
20-августта Ош шаарында Казакстандын башкы консулдугунун расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары, облус жетекчилиги жана консулдуктун жамааты катышты.
Ачылыш Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга сапарынын алдында өттү.
Консулдук эки өлкө ортосундагы дипломатиялык, маданий жана экономикалык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө болоору белгиленди.
Мэр Жеңишбек Токторбаев Ош шаарындагы консулдуктарге жер бөлүнөрүн, дипломотиялык шаарча курула турганын билдирди. Ошондой эле, шаардагы бир көчөгө казак акыны, философ, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абай Кунанбаевдин ысымы берилерин жарыялады.
Сүрөт: Ош мэриясынын видео тасмасынан




