Ош шаарында дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалы өтүп жатат   

  • 11 месяцев мурун

17-майда Ош шаарынын борбордук аянтында дүйнөлүк эпостордун VII эл аралык фестивалы расмий ачылды. Ал 20-майга чейин улантылат.

Фестивалдын ачылышына шаар жетекчилиги жана алыс-жакындан келген коноктор, коомдук ишмерлер, катышты.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш- чараны маданият, маалымат, спорт жана жашатр саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев ачып, эпос фестивалынын маанилүүлүгүн жана жетинчи ирет өтүп жаткан эл аралык иш- чаранын кадыры артып, жыл өткөн сайын катышуучу өлкөлөрдүн саны өсүп, ага болгон кызыгуу артылып, Кыргызстан – дүйнөлүк эпостордун башын бириктирген ири аянтчага айланып жатканын белгиледи.

Ал эми, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов мамлекет эпикалык мурастардын сакталышына өзгөчө маани берип, дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалын ар дайым колдоп келгендигин жана ал уланаарын баса белгиледи.

Андан соң, “Түрксой” Эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев аталган фестивалдын негизделиши, анын ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз уланышына маани берип, аталган долбоордун координатору Дамира Алышбаевага “Түрксой” Эл аралык уюмунун сыйлыгын тапшырды.

Дүйнөлүк эпостордун VII эл аралык фестивалы 20-майга чейин уланат.

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты