Ош шаарында арыктардан суу ашып, көчөлөрдү каптады

Бүгүн, 10-июлда, Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу арыктардан ашып, борбордук көчөлөрдү каптады.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз борбору билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, Навои көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн, Чкалов көчөсүндө жайгашкан Ош облустук архивинин имаратынын жана Курманжан Датка көчөсүндөгү №1 үй-бүлөлүк бейтапканасынын жертөлөлөрүн суу каптаган. Ошондой эле 3 турак үйдүн ичине суу кирип, үйдүн жер төлөсүн, дагы бир үйдүн короо жайын каптаган. Ал эми 9 адам коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Жерине ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын ыкчам тобу, 80 куткаруучу тартылып, ыкчам аракеттерин көрүшүүдө.

Шаардын айрым көчөлөрүндө арыктар тазаланбай таштандыларга толуп, суу каптаган. Мындан улам жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоолдук жаралган.

Учурда ӨКМ куткаруучулары арыктарды тазалап, суунун нугун буруу иштерине чыгышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты