Ош шаарында Алымбек датканын эстелиги тургузулду
- 11 месяцев мурун
Бүгүн, 26-августта, Ош шаарында Алымбек датканын эстелигин жана жаңыланган скверди ачуу иш-чарасы өттү.
Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Алай районунун акими, Алымбек датканын Алайдан келген урпактары жана шаар тургундары катышты.
Ош шаарынын мэриясы Алымбек датканын эстелигин тургузуу менен катар айкелдин айланасындагы скверди көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тротуарларды оңдоо иштерин да жүргүздү.
Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы
Муну бөлүшүү




