Ош шаарына 100 автобус жана башка унаа тапшырылды

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 21-мартта, Ош шаарынын мэриясына оор техниканын, жеңил унаалардын жана автобустардын ачкычын тапшырды

Бул тууралуу МинКаб басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта 100 даана автобус Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине берилди. Автобустар кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу сатып алынгандыгы айтылат. Автобус 25 орунга ылайыкталган, сыйымдуулугу — 56 адам.

Ошондой эле, шаардын ички жолдорун жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясынын жолдор муниципалдык ишканасы үчүн сатып алынган оор техникалар тапшырылды. Мындан тышкары жол кыймылын көзөмөлдөөнү жана жол коопсуздугун алдын алуу максатында жеңил унаалар Ош шаарынын мэриясына берилди. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты