Ош шаар мэриясынын эки кызматкери үй камагына бошотулду

  • 2 месяца мурун

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шумкар Пайзиев жана жолдор башкармалыгынын жетекчисинин басары Улан Олжобаев  31-июлга чейин үй камагына бошотулду.

Мындай чечимди Ош шаардык соту 6-июнда чыгарганын Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргенин “Азаттык” жазды.

Кармалган эки кызматкерге кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылууда. Алар Ош шаарында курулуп жаткан асфальт, бетон заводуна байланыштуу кармалганы кабарланган.

Сүрөт: Ош шаарынын сотунун имараты. osh.sot.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты