Ош облусунда жер титиреди
- 3 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 11-майда саат 04:15те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген.
Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган эместиги айтылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү