Ош облусунда Сириядагы согушка катышууга шектүү кармалды

  • 9 месяцев мурун

Ош облусунда 29 жаштагы «эл аралык террористтик уюмдун тарапташы» кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган адам 2017-жылы Түркия аркылуу Сирияга барып, «эл аралык террористтик уюмдун катарында куралдуу кагылышууларга катышкан».

Ал Түркияга кайтып барганда кармалып, Кыргызстанга депортацияланган. «Терроризм актысы» жана «Жалданмачылык» беренелери менен соттолуп, бирок 2021-жылы белгисиз жагдайларда эркиндикке чыккан.

ИИМдин маалыматына караганда, кармалган адамдын үйүнөн ок-дарылар, анын ичинде РГД-5 үлгүсүндөгү гранаталар, камуфляж комплектилери, бычак, дисктер жана башка буюмдары табылган. Бул факты боюнча «Мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары сактоо» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Кармалган адам Ош шаарындагы №25 тергөө абагына камалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына ылайык, Сириянын согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактарына Кыргызстандын 850 жараны чыгып кетсе, алардын 150сү каза болгон.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты