Ош облусунда ири индустриалдык-логистикалык парк жакында ишке кирет

Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы курулуп жаткан «ЕвроАзия групп» индустриалдык-логистикалык паркына барды.

Мамлекет башчыга объекттин аянты 5 гектарды түзөрүн маалымдашты

Долбоорго ылайык, объекттин аймагында үч өндүрүш аянты иштемекчи: тор кийимдерин тигүү фабрикасы, тор кездемесин токуп чыгаруу фабрикасы жана жип өндүрүү фабрикасы. Бүгүнкү күндө индустриалдык-логистикалык парктын курулушу 70% га аяктап калды.

Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын төртүнчү кварталында кубаттуулугу жылына 2,1 миллион даана кийим тигүүчү фабриканын ишке кириши күтүлүүдө. Долбоор 2,6 миллион АКШ долларына бааланган. Тигүү фабрикасынын продукциясы негизинен экспортко багытталат.

Тор кездеме чыгарган фабриканын ишке кириши 2024-жылдын IV кварталына пландаштырылган. Ишкана 300 адамды жумуш орду менен камсыздайт жана күнүнө 20 тоннага чейин кездеме чыгарат. Долбоорго жатырылган каражат 18 миллион АКШ долларын түзөт.

Өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 15 тоннага чейин жеткен жип ийрүүчү фабрика 2025-жылдын III кварталынан баштап иштей баштайт. Анда 150гө жакын адам эмгектенет. Долбоордун инвестициялык салымы 3,5 миллион АКШ долларын түзөт.

Садыр Жапаров долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып, мамлекет ар дайым ак ниет ишкерлерге колдоо көрсөтүп, инвесторлорго, анын ичинен ички инвесторлорго, жагымдуу шарттарды түзүүнү улантарын баса белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты