Ош облусунда акча опузалоого шектүүнүн бири кармалды

ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 25 жаштагы жаран опузалоо беренесине шектелип кармалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь айынын башында шектүү адам эки шериктеши менен бирге Араван районунун тургунун талаага алып барып сабап, 30 миң сомун алып кетишкен.  

Ош облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен (опузалоо) беренеси менен каттоого алынган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүлөрдүн бири кармалган. Шектүү Кара-Суу районунун убактылуу кармоочу жайына камалды.  

             

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты