Ош облусунда 32 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды
- 1 месяц мурун
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан, жеке турак жай курууга трансформацияланган баасы 500 млн.сомдон ашык 32 га жер тилкеси акысыз негизде өткөрүлүп берилди.
Бул тууралуу Улттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
УКМК кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылып жатканы маалымдалды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү