Ош облустук ИИБ кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды

  • 2 года мурун

УКМК тарабынан 2-мартта Ош облусунун ИИБнын ички иликтөө кызматы менен бирге 20 миң сом акча алып жаткан жеринен облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Б.Т.А. кармалды.

Кармалган Б.Т.А. ишкерден анын маселесин оң жагына чечип берүү үчүн опузалап пара талап кылгандыгынын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98- беренесине ылайык, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты