Ош облустук ИИБ кызматкери акча опузалоого шектелип кармалды
- 11 месяцев мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматы менен бирге жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын улук ыкчам кызматкери М.З.У. тарабынан жалпы өлчөмү 40 миң сомду түзгөн акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы аныкталды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 20-августунда Ош облустук ИИБ аталган кызматынын улук кызматкери М.З.У., У.Т. аттуу жарандын канынан баңги затын колдонуунун издери табылгандыгын шылтоолоп, У.Т.дан наркологиялык экспертизанын корутундусун өзгөртүп, иш боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалагандыгы аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында М.З.У. 30 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, кылмыш-жаза кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




