Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы кармалды
- 2 месяца мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты И.А.Ш.га “Туран” кичи районунун түштүк бөлүгүндө жайгашкан жалпы аянты 2,2 га, айылдын сел сууларын агызуучу каналдын жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
“Тергөөнүн жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын ММБнын башчысы П.А.А., Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп иштөө учурунда, Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты И.А.Ш.га сел сууларын агызуучу каналдын жер тилкесин жеке менчикке берүү үчүн жасалма аукционду уюштурууга көмөктөшкөнү аныкталган. Кылмыш ишинин алкагында Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы П.А.А. кармалып, тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди” деп айтылат маалыматта.
Буга чейин аталган кылмыш иши боюнча Ош шаарынын экс-вице-мэри Ж.М.Азимов, Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын экс-башчысы А.А.Токошев, Ош шаарынын мэриясынын ММБ экс-башчысы А.Э.Семетеев жана «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын экс-башчысы И.Б.Сансызбаев кылмыш жоопкерчилигине тартылган.