Ош мэриясы жаш артисттерге муниципалдык ипотекалык үйдөн батир берилээрин билдирди  

  • 3 недели мурун

Орусиянын Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын бүтүргөн жаш актёрлорго Ош шаарында курулуп жаткан муниципалдык ипотекалык үйлөрдөн 22 батир бөлүнүп берилет.

Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.

Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев актерлерго батирлерди көрсөтүп чыкты. Краснофлот көчөсүндө курулуп жаткан турак жай объектисинен аларга бир бөлмөлүү батирлер бөлүнүп берилет. 22 батир чүчү кулактын негизинде бөлүштүрүлөт.
Токторбаев тиешелүү кызматтарга жаш маданият өкүлдөрүнө батирлерди 1-июлга чейин толук ремонту менен бүткөрүп берүүнү тапшырды.

Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген 22 жаш маданият өкүлү эми Ош шаарында жашап, өз ишмердүүлүгүн улантыша тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
.
20-майда Москвадан жогоруда аталган окуу жайды бүткөндөр Ошто спектакль-концерт коюп, анын алкагында мэр 230 миң сомдук сертификат тапшырып, ар бирине бир бөлмөлүү батир убадалады.

Сүрөт: Ош мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты