«Ош» аэропортунда Шарджадан келген биринчи каттам тосуп алынды

Бүгүн, 21-февралда, «Ош» эл аралык аэропортунда «Шарджа-Ош-Шарджа» багыты боюнча биринчи каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Учакты салтка айланган боюнча суу аркасы менен тосуп алышты.

Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынан Шарджага биринчи каттам менен 164 жүргүнчү учуп кетсе, 10 адам учуп келген.

Каттамдар Air Arabia (БАЭ) авиакомпаниясы тарабынан 21-февралдан 3-мартына чейин дүйшөмбү жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми 3-марттан тарта каттамдардын саны жумасына 3 жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы. Болжолдуу учуу убактысы 3, 5 — 4 саатты түзөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты