ОСАГО полистерин сатууда 7 млн ашык сом ыйгарып алууга шектүү чет өлкө жараны кармалды
- 5 месяцев мурун
ОСАГО камсыздандыруу полистерин сатуу учурунда ишенип берилген акча каражаттарын ыйгарып алгандыгы айтылган. Жалпы суммасы 7 млн 085 миң 708 сомду түзгөн. Андан соң жашырынып кеткен чет өлкөлүк шектүү жаран кармалды.
Бул тууралуу Чүй ОИИББ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта 5-январда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына (ОИИББ) «Ингосстрах» компаниясынын башкармалыгынын өкүлү Ы.Н. кайрылып, Д.А.Р. жеке ишкерлик кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен арыз бергендиги айтылат.
Арызда 2025-жылдын апрель айынан декабрь айына чейинки аралыкта аталган жеке ишкерликтин айрым кызматкерлери ОСАГО камсыздандыруу полистерин сатуу учурунда ишенип берилген акча каражаттарын ыйгарып алгандыгы айтылган. Жалпы суммасы 7 млн 085 миң 708 сомду түзгөн. Андан соң жашырынып кетишкени көрсөтүлгөн.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү 1985-жылы туулган, чет мамлекеттин жараны А.А. болуп чыккан. Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Тергөө улантылууда.

Иллюстрациялык баш сүрөт: интернет булактарынан
Сүрөт: Чүй ОИИББ




