ОСАГО полиси жок автоунааларга айыппул салуу 2025-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылды
- 1 год мурун
Кыргызстанда жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полиси жок автоунаа ээлери үчүн айыппул салуу 2025-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Белгилей кетсек, айыппулдун мөөнөтүн алты айга кийинкиге жылдыруу сунушу Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан берилген. Министрлик учурда өлкөдө катталган автоунаалардын саны болгону 6,4%ды түзөөрүн жана калкка жарандык жоопкерчилик камсыздандыруунун пайдалуулугу жана артыкчылыктары тууралуу маалыматтык жана түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү зарылчылыгы бар экенин белгилеген.
Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 690 миң унаа катталган, анын 108 миң 500ү гана камсыздандырылганы белгилүү.
Бул мыйзам күчүнө кирсе, милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айыппул салынат.




