Орусиянын жаранын өлтүрүүгө шектүүлөр Бишкектен кармалды

  • 1 год мурун

Орусиянын жаранын өлтүрүүгө шектелгендер Бишкек шаарынан кармалды. Алар буга чейин издөөдө жүрүшкөн.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун ИИБ кызматкерлери менен
бирге өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн эки шектүүнү кармады.

Бир күн мурда шектүүлөрдүн жүргөн жери аныкталган. Алар Бишкек шаарында жашырынып жүрүшкөн 32 жаштагы Ж.Т. жана 24 жаштагы А.М. Кылмышка шектүүлөр кармалып, Токтогул районунун ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2022-жылдын 20-июнунда саат 11:00 чамасында Токтогул РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө киши колдуу болгон белгилери бар адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Токтогул РИИБи тарабынан  кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголгон.
Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө маркумдун тек-жайы такталган, ал 44 жаштагы Д.К. болуп чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын июнь айында жаран Д.К. өзүнүн унаасы менен шектүүлөр Ж.Т. жана А.М. менен  бирге  Россиянын аймагынан чыгып кетишкен. 

Алар Кыргыз Республикасына келгенден кийин, Орусиянын жараны Д.К. өлтүрүлүп, унаасы
уурдалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты