Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү жерге берилди

  • 2 года мурун

Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгон Ош облусунун тургундарынын сөөгү жерге берилди.

Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу «Азаттыкка» билдирди.

Маркумдардын сөөктөрү өздөрү туулуп-өскөн айылдарына коюлуп, ага өкмөт өкүлдөрү катышты.

Ош облусу:
1. Абдулхамид уулу Жакыпбек – 20.08.1990, Араван району, Гүлбаар айылы.
2. Бекмурзаева Диана Акылбековна — 04.09.1998, Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.
3. Кутманали уулу Сыймыкбек — 22.07.1999, Араван району, Гүлбаар айылы.
4. Сулайманова Уулкан Хакимовна — 15.10.1976, Кара-Суу району, Кенжекул айылы.

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган. Каза болгондордун бешөө Баткен, бешөө Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары. Калган эки облуста маркумдардын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди.

Маркумдардын сөөктөрү атайын учак менен 23-август күнү кечке учак менен Ошко алып келинди. Жарандарынын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу бүгүн, 23-августта Кыргызстан аза күтүп жатат.

2022-жылдын 21-августунда Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болду.

Жол кырсыгынан каза тапкандардын тизмеси бул шилтемеде.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты