Орусияда президенттик шайлоого үч күндүк добуш берүү башталды

Орусияда президенттик шайлоого добуш берүү башталды. Ал 17-мартта аяктайт.

Чукотка менен Камчаткада биринчи шайлоо тилкелери Москва убактысы боюнча 14-мартта саат 23:00дө ачылды.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 25-февралда башталган. БШК төрайымы Элла Памфилова 2,3 миллион адам мөөнөтүнөн мурда добуш бергенин билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпысынан Орусияда жана чет өлкөлөрдө 112 309 947 шайлоочу катталганын кабарлады.

Орусияда президенттик шайлоо аннексияланган Крымда жана Украинанын оккупацияланган Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарында да өтүүдө.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө мөөнөтүнөн мурда бир күндүк добуш берүү жүрүп жатат. Чехия, Ливия, Кувейт жана Катарда орус жарандары 15-мартта, Иран, Шри-Ланка жана Мальдив аралдарында, Ямайка, Оманда 16-мартта гана добуш бере алышат.

Орусияда президенттик шайлоого төрт талапкер: азыркы президент Владимир Путин (өзүн-өзү көрсөткөн), Владислав Даванков («Новые люди»), Леонид Слуцкий (ЛДПР) жана Николай Харитонов (Орусия Федерациясынын Коммунисттик партиясы) бар.

Федерациялар Кеңеши президенттик шайлоонун датасын белгилегенден кийин «Коррупцияга каршы күрөшүү фонду» Путинден башка талапкерге добуш берүү чакырыгы менен «Путинсиз Орусия» өнөктүгү башталганын жарыялаган.

Андан соң орус оппозициясы «Путинге каршы чак түш» өнөктүгүн жарыялады, анын маңызы 17-мартта Москва убактысы боюнча саат 12:00дө шайлоого келип, бюллетенди булгап же өз добушун «негизги талапкерден» башкага берүү болуп саналат. 14-мартта Москва прокуратурасы «Путинге каршы чак түш» акциясына катышкандар жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Путин Орусияны 2000-жылдан бери башкарып келет.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты