Орусияда билим берүү уюмдарына чет өлкөлүктөрдү кабыл алуунун жаңы эрежелери киргизилди

Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын 1-апрелинен тартып, “Билим берүү жөнүндө” Россия Федерациясынын федералдык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргендигин эскертти. Ага ылайык Россия Федерациясынын аймагында мыйзамдуу түрдө жүргөн чет өлкөлүк жарандар башталгыч, жалпы жана орто билим берүү программалары боюнча жетиштүү орус тилинен тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн жарандар гана кабыл алынат. 

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы берилди.

Ана айтылгандай, Россия Федерациясынын билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, тестирлөө мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринде акысыз жүргүзүлөт.

Тестирлөө оозеки жана жазуу түрүнөн турат (биринчи класска кире турган балдарга тестирлөө — оозеки түрүндө жүргүзүлөт). Тестирлөө – аудио жана видео жазууга алынат.

Кандай маалыматтар керектелет?

КР ТИМ  мындай маалыматтарды таратты:  Чет өлкөлүк жаран, анын ичинде кыргызстандык баланын тестирлөөдөн өтүшү үчүн анын ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү же өкүлдөрү) Россиянын жалпы билим берүүчү мектептерине (орус тилинде же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн орус тилине котормосу менен бирге) төмөнкү маалыматтарды бериши керек:

— арыз ээсинин бала менен туугандыгын же баланын укуктарынын өкүлчүлүгүнүн мыйзамдуулугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— баланын жана анын мыйзамдуу өкүлүнүн Россия аймагында жүрүүсүнүн мыйзамдуулугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— баланын мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өткөндүгүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— баланын өздүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн же өкүлдөрүнүн) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; жеке жактын камсыздандыруучу эсеп номери (СНИЛС) (эгерде болсо), ошондой эле баланын жеке жактын камсыздандыруучу эсеп номери (СНИЛС) (эгерде болсо) ыйгарылганын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— баланын жугуштуу оорулары жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;
— ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдүн) эмгектендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).

Тесттен өтпөй калса, орус тилин үйрөнүү сунушталат

Бала тесттен ийгиликтүү өтсө, мектепке кабыл алынат. Ал эми тесттен өтпөй калса, ага кошумча орус тилин үйрөнүү сунушталат. Кайрадан тестирлөөдөн өтүү мурдагы тестирлөөдөн 3 ай өткөндөн кийин гана мүмкүн болот.

Ушуга байланыштуу министрлик Россия аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандардын балдарын жалпы билим берүү мекемелерине кабыл алуу боюнча талаптар менен Россия Федерациясынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарындагы негизги өзгөртүүлөр тууралуу алдын-ала таанышып алууну сунуштайт.

Россияда өздөрүн легалдаштырууга мүмкүнчүлүк берилди

ТИМ Россияда мыйзамсыз жүргөн мекендештерге ал өлкөнүн президентинин жарлыгы менен ушул жылдын 1-январынан баштап 30-апрелине чейин өздөрүн легалдаштырууга мүмкүнчүлүк берилгендигин эскертти. 

Өз кезегинде министрлик Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылып, келген өлкөнүн аймагында мыйзамдуу жүрүү үчүн өз убагында чара көрүүгө чакырат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты