Орусия мигранттардын «санарип профилин» киргизүүнү пландоодо

  • 3 месяца мурун

Орусиянын өкмөтү 2024-2025-жылдарга мамлекеттик миграция саясатынын концепциясы боюнча ишчаралардын планын бекитти. Бул тууралуу «РИА Новости» жана РБК басылмалары кабарлады.

Концепцияда чет өлкөдө жашаган орусиялык жарандар үчүн милдеттүү консулдук каттоону киргизүү, ал эми Орусияга келген чет элдиктер үчүн бирдиктүү биометрикалык системада санарип профилин түзүү каралган.

«Чет элдиктердин санарип профилинде» паспорттогу эле эмес, биометрикалык маалыматтар да камтылышы керек. Мындан сырткары Москвадагы аэропорттордо чет элдик жарандарды «геномдук каттоого» алуу же ДНК материалдарын чогултуу, үнүн жаздыруу чаралары эксперимент катары жүргүзүлөт.

Ошондой эле ички иштер министрлиги жана Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 2024-жылдын март айына чейин Орусия мыйзамдарын бузган чет өлкөлүктөр үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча идеяларды сунушташы керек. Улуттук иштер боюнча федералдык агенттикке, Илим жана жогорку билим берүү министрлигине жана Агартуу министрлигине 2024-жылдын сентябрына чейин Орусияга эмгек мигранты катары кирген чет элдиктер үчүн типтүү адаптация курсун иштеп чыгуу тапшырылды.

Жарандары бирдиктүү электрондук виза ала турган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүү пландалууда. Жашоого уруксаттын түрлөрүнүн тизмеси электрондук түрдө алынышы керек, ошондой эле жумуш жана студенттик визаларды да камтуу каралган.

Документте чет өлкөдө жашаган орусиялык жарандар үчүн консулдук каттоого туруу милдеттүү болоору белгиленген. «Орусиядан тышкары жерде туруктуу жашаган жаран» деген түшүнүк мыйзамдуу түрдө аныкталып, ошондой эле орусиялыктардын укуктук макамы такталат. Документте чет өлкөдө жашаган орусиялыктарды консулдук каттоого турууга милдеттендирген чаралар же механизмдер так көрсөтүлгөн эмес.

«Орусия Федерациясынын 2019-2025-жылдарга мамлекеттик миграциялык саясатынын концепциясы жөнүндө» жарлыкка өлкөнүн президенти Владимир Путин 2018-жылы кол койгон. Ошондон бери орус өкмөтү аны ишке ашыруунун жаңы, такталган планын эки жылда бир кабыл алып келет.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты