Орусия Кыргызстандан барган жашылча-жемиштерди артка кайтарды

  • 3 года мурун

Ноябрдын башында орус-казак чек арасындагы Орусиянын фитосанитардык көзөмөл бекети Кыргызстандан бара жаткан 382 тонна жашылча-жемишти жана кургатылган азыктарды артка кайтарды. Аталган мекеме товарлар мыйзам бузуу менен кирип жатканын аныктаган.

Маалыматка ылайык, товардын өндүрүлгөн өлкөсү Өзбекстан менен Тажикстандан тиешелүү фитосанитардык сертификаттардын жоктугу жүзүм, курма, алма, мейиз, жаңгак жана ит мурунду Орусияга киргизбөөгө себеп болгон.

Сентябрдан бери Орусия Кыргызстандан барган жалпы миң тоннадан ашуун азык-түлүктү артка кайтарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты