Орусия кыргыз-тажик чек арасын тактоого көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди

  • 2 года мурун

Москва Кыргызстан жана Тажикстан менен чек араларды тактоо боюнча бай тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденкого шилтеме кылып кабарлады.

Ал мисалы катары Орусия менен Казакстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо тажрыйбасын атады.

«Такталбаган чек аралар дагы башка коркунучтарды жаратат – мүчөлөрү калктын жакыр катмарын өз катарына азгырып жаткан радикал-экстремисттик топтор баш көтөрүшү мүмкүн», — деди Руденко.

Күн мурун Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Москва Бишкек менен Душанбеге чек араларды делимитация жана демаркация кылууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген. Ал тараптар орусиялык эксперттерди тартууга макул болсо, Москва картографиялык материалдар менен жардам бере аларын кошумчалаган.

Былтыр май айында Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин Москва кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ортомчу болууга даяр экенин билдирген. Жооп катары Тажикстан ТИМи эки өлкөнүн чек ара маселесин чечүүгө үчүнчү тараптарды тартуу максатсыз экенин айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты