Оппозициялык Бириккен демократиялык кыймыл элге кайрылуу жасады

Оппозициялык Бириккен демократиялык кыймыл элге кайрылуу жасады

Оппозициялык Бириккен демократиялык кыймыл СИЗО-1 абагынан бүгүн, 9-январда, элге кайрылуу жасап, сот адилеттүлүгү, эркин медиалар, саясий атандаштык, сөз жана чогулуш эркиндиктери үчүн бардык мыйзамдуу жолдор менен күрөшүүгө чакырды.  

Кайрылууда 2023-жыл мурдагы жылдарга караганда социалдык-экономикалык жактан оор жыл болору, жакырчылык, жумушсуздук, эл менен бийликтин ортосундагы ажырым күчөрү айтылат:

-Жакырчылык 40%га чыгат, жумушсуздук күчөйт, тамак-ашка, электроэнергияга баалар дагы көтөрүлөт. Мигранттардан келген каражат кескин азаят. 2022-жылдагы бизнеске болгон басым менен куугунтуктан бул жылы салык базасы кыскарат. Бюджеттин, айлык акылар боюнча популисттик милдеттенмелерин аткаруу оор болот. Авторитардык бийликке эл аралык уюмдар, донор өлкөлөрдүн жардамды кыскартат, -деп белгиленет кайрылууда.  

-Ушул оор социалдык-экономикалык фондо авторитаризм менен эркиндиктин күрөшү уланат. Авторитаризм бир караганда күчтүү, ресурстуу көрүнгөнү менен, тарых, дүйнөлүк үлгүлөр көрсөткөндөй, жыйынтыгында алсыз жана коркок болот. Эркиндиктерге болгон элдин күрөшү сөзсүз авторитаризмди жеңет. Буга, башка өлкөлөрдү айтпай эле, өзүбүздүн 2005, 2010 жана 2020-жылдардагы саясий окуялар үлгү боло алат.

Бириккен демократиялык кыймыл  сот адилеттүлүгү, эркин медиалар, саясий атандаштык, сөз жана чогулуш эркиндиктери үчүн бардык мыйзамдуу жолдор менен күрөшүүгө чакырды:

-Биз, Бириккен демократиялык кыймыл, бул жылы бардык мекендештерибизди, жаштарыбызды, эгемендүү журналисттерди, активдүү жарандарды жана саясатчыларды Кыргызстандын Конституциясы, эл аралык конвенциялар жана Бириккен Улуттар Уюмунун нормалары гарантиялаган сот адилеттүлүгү, эркин медиалар, саясий атандаштык, сөз жана чогулуш эркиндиктери үчүн бардык мыйзамдуу жолдор менен күрөшүүгө чакырабыз, -деп айтылат кайрылууда.  

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Кийин алардын бардыгынын баш коргоо чаралары дагы эки айга узартылган. Камактагылардын көбү протест катары ачкачылык кармашты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Жакында “Кабар” агенттигине курган маегинде Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен” деп айткан.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты