Керим Турапов кызматтан бошотулду

  • 2 года мурун

Кыргыз эл артисти, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Керимберди Турапов берген арызына ылайык, кызматтан бошотулду.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз  кызматы билдирди.

Керимберди Турапов Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына 2019-жылы 31-январда ал кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан дайындалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты