Ооганстанда талибдер полициянын аялдар бөлүгүн түздү

  • 2 года мурун

Ооганстанда бийликке келген «Талибан» радикал кыймылы  полициянын аялдар бөлүгүн түздү.

Иш үчүн ал жакка былтыр августта талибдер бийликти басып алганга чейин ИИМде иштеген аялдар тартылууда. Даярдыктан 100дөй аял өтүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” ооган кызматы билдирди.

Укук коргоочулар талибдер митингдер учурунда активист кыз-келиндер менен иштөө үчүн аял полициячыларды тартып жатканын белгилешүүдө.

Талибдер бийликке келгенден кийин аялдардын укугун сактоого убада берген, бирок тез эле ар түрдүү чектөөлөрдү киргизе башташкан. Исламисттер 20 жыл мурун түзүлгөн Аялдар иштери боюнча министрликти жоюп, кыздардын мектепте билим алуусуна чектөө киргизип, алардын спорт менен машыгуусуна тыюу салган.

Быйыл майда талибдер аялдарды зарыл болбосо көчөгө чыкпоого жана эл арасында жүзүн жаап жүрүүгө милдеттендирген.

Күн мурун Кабулда университеттердин бүтүрүүчүлөрү аялдарга билим алууга жана мамлекеттик мекемелерде иштөөгө уруксат берүү талабы менен акция өткөрүшкөн.

«Талибан» көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда террордук кыймыл деп таанылган. Бирок орус бийлиги расмий деңгээлде талибдер менен байланышып келет.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты