Олжобай Шакирдин соту башка күнгө жылды

  • 6 месяцев мурун

Жазуучу, журналист Олжобай Шакирдин соту 14-февралга жылды.

Жактоочу Бакыт Автандил соттук отурумга тергөөчү келбегенин айтты. «Бүгүнкү соттук отурумуна тергөөчүнү чакырганбыз. Ал белгисиз себептерден улам келе албай калыптыр. Экспертизага кандай материалдар келтирилгени боюнча белгисиз болуп жатат. Кийинки соттук отурумга тергөөчү чакырылды», — деди жактоочу.

Ошону менен катар эле жактоочу Олжобай Шакирди үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылбаганын кошумчалады.

УКМК Олжобай Шакирге кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун 25-августта билдирген.

24-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жазуучу жана активист Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы жабык түрдө каралды. Сот Олжобай Шакирди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Олжобай Шакир элди тынчтык митингине үндөгөн билдирүү жарыялаган деп айыпталууда. Анда ал Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта митинг өтөрүн айтып, кайдыгер эмес жарандарды катышууга чакырган.

17-августта Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берери тууралуу маалымат тараган. Анда Ысык-Көлдүн жээктеринде “Эне-Сай”, “Бостери”, “Алтын Жай” жана “Бустон” пансионаттары жайгашкан жерлер ижарага берилип, ал эми коңшу өлкө пансионаттарды реконструкциядан өткөрөрү айтылат. 

Замандаштары “Олжобай Шакирдин камалышы чоӊ катачылык болду” деп, президентке, УКМК төрагасына кайрылуу жолдоду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты