Олжобай Шакир сотко алынып келинбей, сот иши жылдырылды  

  • 4 месяца мурун

Жазуучу, журналист Олжобай Шакир 24-январда сотко алынып келинбей, соттук отурум 29-январга жылдырылды. Ошондой эле, отурумга тергөөчү дагы келген жок. Бул тууралуу жактоочу Акмат Алагушев «ПолитКлиникага» билдирди.

Жазуучу ушуну менен 4-жолу соттук отурумга алынып келинген жок. Декабрь айында дагы үч жолу соттук отурум окшош себептер менен жылдырылган.

9-январда Аламүдүн райондук сотунда жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин иши каралып, анда Олжобай Шакирдин социалдык түйүндөргө жазган билдирүүлөрүнө экспертиза жасаган адис көрсөтмө берген.

Эксперт Олжобай Шакирдин тексттеринде «бузукулук кылайын», «тизгинин кагуу керек», «камалгандан коркпо» сөздөрүнө экспертиза жасалып, бийликке каршы сын-пикири бар экени аныкталганын айткан.

УКМК Олжобай Шакирге кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун 25-августта билдирген.

24-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жазуучу жана активист Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы жабык түрдө каралды. Сот Олжобай Шакирди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Олжобай Шакир элди тынчтык митингине үндөгөн билдирүү жарыялаган деп айыпталууда. Анда ал Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта митинг өтөрүн айтып, кайдыгер эмес жарандарды катышууга чакырган.

17-августта Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берери тууралуу маалымат тараган. Анда Ысык-Көлдүн жээктеринде “Эне-Сай”, “Бостери”, “Алтын Жай” жана “Бустон” пансионаттары жайгашкан жерлер ижарага берилип, ал эми коңшу өлкө пансионаттарды реконструкциядан өткөрөрү айтылат. 

Замандаштары “Олжобай Шакирдин камалышы чоӊ катачылык болду” деп, президентке, УКМК төрагасына кайрылуу жолдоду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты