Олжобай Шакир: Камчыбек Ташиев отставкага кетсин!

  • 2 года мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду колдоо митингинде жазуучу жана журналист Олжобай Шакир иликтөөчү журналисттин жана төкмө акындын кармалышын айыптап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев отставкага кетишин талап кылуу сунушун айтты.    

-Иликтөөчү журналист Болот Темировдун жана төкмө акын Болот Назаровдун күч структуралары тарабынан кармалгандыгы бул — сөз эркиндигине чабуул.

Болот Темиров иликтөөчү журналист катары коомдогу терс көрүнүштөрдү айыптап келет. Болот  Назаров төкмө акын, кийинки кездерде журналисттик иликтөөлөрдү көркөм сөз менен жеткирип, коомду тазалоого өз салымын кошууда.

Болот Назаровду баңгизатка байланыштырып,  айыптоо болбогон нерсе. Эгер Болот Назаровдун баңгизатка байланышы болсо, биз, аны менен аралашып жүргөндөр билет элек. Бул — журналисттерге, сөз эркиндигине куугунтук.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев отставкага кетишин талап кылабыз, -деди Олжобай Шакир тынч митингде бүгүн, 23-январда.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында эки адам шектүү катары өтүп жатканын, бири Темиров, экинчиси төкмө акын Болот Назаров экенин бүгүн 23-январда ИИМдин башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов митингде журналисттерге маалымдады.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.

Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү . 

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган. 

Олжобай Шакир: Камчыбек Ташиев отставкага кетсин!

        

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты