Окуучулардын жапырт мушташы: Милиция окуя боюнча маалымат таратты
- 1 месяц мурун
Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айылындагы окуучулардын жапырт мушташы боюнча облустук ички иштер башкармалыгы маалымат таратты.
Андагы маалымат боюнча, 24-майда саат 21:30да Кожомкул айылынын Ала-Арча жана Пионер көчөлөрүнүн кесилишинде 50гө чамалуу бала мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам аракеттенүү тобу барып, мушташкандарды учурата албаганын, бирок окуяга күбө болгондор мектеп окуучулары мушташканын жана тарап кетишкенин билдиришкен.
Териштирүүдө белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын Новопавловка айлыныны жана Сокулук районунун Кожомкул айылынын мектеп окуучуларынын 8-9-класстарынын окуучуларынын ортосунда мушташ чыккан. Ага эки окуучунун, анын бири Новпавловка айлындагы мектептин А. аттуу окуучусу, ортосунда чыккан чыр себеп болгон.
Үч окуучу жаракат менен медициналык жардам алууга кайрылып, алар үйлөрүнө кое берилген.
Учурда мушташка катышкандар такталып, окуучулар жана ата-энелери менен жолугушуу пландалган. Окуяга укуктук баа берилмекчи.
Иллюстрациялык сүрөт: Чүй ОИИБ