Октябрь райондук ИИБ кызматкери эки айга камалды
- 2 года мурун
80 миң сом пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кечээ, 9-ноябрда кармалды.
Бул тууралуу Улуттук кооопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Октябрь РИИБ кызматкери жеке кызыкчылыгын көздөп, айрым жарандарга акча уурдоо фактысы боюнча жасалма арыз даярдаткан. Моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен арызды кароону токтотуу үчүн 80 миң сом талап кылган.
Аталган материал 326-берененин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
2021-жылдын 4-ноябрында КР ИИМ криминалдык милиция кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын Октябрь районунун Көк-Жар айылынын аймагында пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Октябрь районунун криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары милициянын майору Н.Э.Д. кармалган.
Кармалган ИИБ кызматкеринин автоунаасын тинтүү учурунда ПМ жана АК-47 ок атуучу куралынын ок-дарылары, 5600 АКШ доллары жана жарандардын бир нече паспорту табылган.
Кармалган Н.Э.Д. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга КР УКМК тергөө жайына камалды.