Октябрь айында Орусиядан 15 кыргыз жаранынын сөөгү келди  

  • 1 год мурун

Россия аймагында каза болгон Кыргыз Республикасынын 15 жаранынын сөөгү мекенине жөнөтүлдү,

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди

2022-жылдын октябрь айында «элчиликтин көмөгү менен Россия Федерациясынын аймагында каза болгон 15 Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгү мекенине жөнөтүлдү» деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле айлык маянасын ала албай калган 50 мекендештин 1 963 600 рубль өлчөмүндө акча каражаты өндүрүлүп берилди, Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Россия укук коргоо органдары тарабынан кармалган 48 кыргызстандык, ошондой эле кылмыш иши козголгон Кыргыз Республикасынын бир жараны камактан бошотулгандыгы белгиленди.   

Элчиликтин жана канцелярия кызматкерлери Красноярск крайынын, Москва, Владимирск жана Самара облустарынын жаза-аткаруу тутумунун мекемелерине барышып, ал жерлерде кармалып турган Кыргыз Республикасынын 42 жаранынын ар бири менен жолугуп, жеке баарлашты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты