OCCRP: Казакстандык компаниялар санкцияланган товарларды Орусияга жеткирүүдө

  • 2 месяца мурун

Журналисттердин эл аралык иликтөө тобу санкцияларды айланып өтүү менен Орусияга технологиялык товарларды жеткирүүнүн дагы бир схемасын аныктады.

Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны изилдөө борбору (OCCRP), «Бюро Медиа» (Беларус) жана «Вёрстка» (Орусия) басылмасы Казакстан менен Беларус компаниялары «жалган транзитке» кантип аралашканын аныкташкан.

Орусияга аскердик өндүрүштө колдоно турган жогорку технологиялык жабдуулар Казакстан менен Беларустан ташылган. Бул өлкөлөр Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө, андыктан товарлар чек арадан бажы текерүүсүнөн өтпөстөн, ээн-эркин ташылууда деп белгилешет иликтөөчүлөр. Эки өлкө тең — Орусиянын эң жакын экономикалык өнөктөштөрү.

Казакстандык компаниялар санкциядагы товарларды кээде Орусияга түз жеткирип турган. Компания жарым өткөргүчтөрдү жана башка товарларды чыгарууда колдонула турган жогорку технологиялык жабдууларды Европадан заказ кылып, андан кийин Беларуска “убактылуу сактоо” үчүн жеткирет. Ал жерден түз эле Орусияга ташылат.

«Орус бажы кызматынын маалыматтары көрсөткөндөй, жалпысынан бул схеманын аркасында орусиялык компаниялар тобу 5,9 миллион долларга жакын санкцияланган жогорку технологиялык товарларды алышкан» деп айтылат OCCRP жана анын өнөктөштөрүнүн иликтөөсүндө.

Орус армиясын аскердик жабдуулар менен камсыз кылган ири компаниялардын бири – “Остек” конгломераты. Дал ушул компания «Точка-У» жана «Искандер-М» ракеталык комплекстерин чыгаруу үчүн чет элдик технологияларды жеткирип, техникалык кызматтарды көрсөткөн. Иликтөөчүлөр ал Украинага ташталган бомбаларды чыгарган Москванын Борбордук химия жана механика изилдөө институтунун тендерлерин утуп алганын да аныкташкан.

Украина толук масштабдуу чабуулга кабылгандан кийин, ал тургай, санкциялар киргизилгенге чейин көптөгөн эл аралык компаниялар өз ыктыяры менен Орусия менен байланышын үзгөн. Польшанын Седльце шаарында жайгашкан «Интер-Транс» компаниясы гана мындай жолго барган эмес. Аны Германиянын BMA Spedition GmbH логистикалык компаниясы башкарат. «Интер-Транстын» акцияларынын басымдуу бөлүгү беларусиялык ишкер Евгений Костюкка таандык болгон.

2022-жылы «Интер-Транс» компаниясы «Остекке» кеминде 24 миллион долларлык товарды, анын ичинде жарым өткөргүчтөрдү жана микрочиптерди өндүрүү үчүн жабдууларды жеткирген. 2023-жылдын февралында Евробиримдик бул товарларга санкция киргизген жана «Интер-Транс» «Остекке» товар жеткирүүнү токтоткон.

Бирок «Остек» бул товарларды кантип алып турган жана ага Казакстандын кандай тиешеси бар? Евробиримдик санкцияларды киргизгенде, «Остек» альтернативдүү жеткирүү жолдорун колдонгон. Ал Казакстан аркылуу өтүп, бирок «Интер-Транстын» артында турган ошол эле белорусиялык ишкер Евгений Костюк менен байланышта болгон.

Иликтөөчүлөр Казакстан менен мамиле 2014-жылы эле башталган деп божомолдошот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты