Оңдоп-түзөөдөн кийин  “Жаштык” спорт аренасы ачылды

  • 4 недели мурун

Садыр Жапаров 10-ноябрда капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн спорттук аренанын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат берилди.  

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчы объектиге жаңы символикалык – «Жаштык» аталышын ыйгарууну сунуштады.

Буга чейин арена Дөлөн Өмүрзаковдун ысымын алып жүргөн.

Маалыматта айтылгандай, спорт комплекс 5 000 көрүүчүгө ылайыкталып, Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзөт. Бул жертөлөсү бар үч кабаттуу курулуш.

Жертөлөдө унаа токтотуучу жай, техникалык бөлмөлөр, электр калканы жана жылуулук түйүндөрү каралган.

Биринчи кабатта машыгуу залы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, жуунучу бөлмө, медициналык пункт жана конференц-зал жайгашкан.

Экинчи кабатта фуд-корт, кампалар, санитардык жана техникалык бөлмөлөр, ошондой эле көрүүчүлөр трибунасы жайгашкан.

Үчүнчү кабатта VIP-зал жана көрүүчүлөр үчүн кошумча орундар бар.

Спорттук арена эл аралык стандарттарга ылайык курулган жана көп функционалдуу объект болуп саналат. Бул жерде спорттук мелдештерди гана эмес, эл аралык турнирлерди, концерттерди жана маданий-массалык иш-чараларды да өткөрүүгө болот.

Андан соң Садыр Жапаров комплекстин инфраструктурасы менен таанышып, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрдү, машыгуу залдарын көрүп чыкты, ошондой эле «Кыялымдагы Кыргызстан» улуттук жаштар форумуна арналган концерттик программага катышты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты