Ноорузга карата сүмөлөк кайнатылат
- 1 год мурун
Бүгүн, 20-мартта, Бишкекте, «Дасмия» этнокомплексинде Нооруз майрамын утурлап, апалардын сүмөлөк кайнатуу аземи өтөт.
Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди. Уюштуруучулар шаардыктарды жана меймандарды сүмөлөк кайнатуу аземине чакырат. Башталышы күндүзгү саат 12:00ден түнкү 12:00гө чейин.
Эртең, 21-мартта — күн менен түндүн жазгы теңелүүсү, Нооруз майрамы. Ноорузда каалоо-тилектер айтылып, сүмөлөк ашы кайнатылат.
Сүрөт: Соцтармактан.
Муну бөлүшүү