Нооруз майрамынан кийин аянттан үч тонна таштанды чыгарылды
- 2 года мурун
Бишкекте белгиленген Нооруз майрамынан кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Ала-Тоо» аянтынан 3 тонна таштанды чыгарганын Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Таштанды чогултууга ишкананын 30 кызматкери, 1 атайын техника жана сугаруучу машина тартылган.
Кечээ, 21-мартта Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында Нооруз майрамы белгиленди.
Таштандыны туш келди таштабаңыздар!
Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү