Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы белгиленди (Фоторепортаж)
- 2 months мурун
- Фоторепортаж
Бүгүн, 21-март күнү Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы белгиленди. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, депутаттар жана коноктор катышышты.
“ПолитКлиника” медиасы Ала-Тоо аянтындагы майрамдык маанайды сүрөттөр менен баяндайт.
Нооруз майрамы тууралуу
Нооруз – Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жана Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда кеңири белгилене турган негизги майрамдардын бири.
“Нооруз” байыркы фарс тилиндеги “науруз” сөзүнөн алынып, кыргыз тилинде “нау” – “жаңы”, “руз” – “күн” деген маанини берет. Эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленет. Бул күнү күн менен түн теңелет.
Совет бийлиги учурунда Кыргызстанда бул майрамды белгилөөгө тыюу салынып келген. 1988-жылы гана майрамдоого уруксат берилген. Бирок Кыргызстан Нооруз майрамын жыл сайын белгилөөгө эгемендик алгандан кийин гана жетишкен.
1991-жылы 1-февралда Жогорку Кеңеште 21-март элдик Нооруз майрамы деп бекитилген.
Автор: Гулиза Урустамбек кызы