Нооруз — байыркы майрамдардын бири

  • 2 года мурун

Нооруз – байыркы майрамдардын бири. Анын маңызы — табияттагы бул күндөгү жаңыланууну, коомдун жана адам баласынын жаратылыш менен тыгыз байланышын даңазалоо.

Күн менен түн теңелип, андан ары күн узарып, жаз башталарын эзелки кыргыздар да эсептеп билип, бул күндүн касиетин даңазалаган улуттук салт-жөрөлгөлөрү кадим замандан калыптанган „Улустун улуу күнү“.

Алас, алас,

Ар балээден калас,

Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас,- деп аластап, жакшы ниет менен жакшылык тилейли!

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты