Ноокатта тамактануучу жайда жаш баланы урган учур териштирилүүдө

  • 1 год мурун

Кечээ, 27-январда, социалдык тармактарда Ош облусунун Ноокат районунда жаш баланы белгисиз жаран уруп жаткандыгы боюнча видеотасма жарыяланган. Бул факт Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук журналына катталып, териштирүү башталды.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

26-январь күнү саат 19:20 чамасында Ноокат районунун Мирмахмудов атындагы айыл аймактын Умиров участкасынын 30 жаштагы тургуну О. уулу Т. 7 жаштагы М.А.ны Ноокаттын борбордук базарында жайгашкан “Элдос” кафесинде уруп, денесине жаракат келтирген.

Балага соттук- медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты