Ноокатка куткаруучулар менен кошо азык-түлүк жөнөтүлдү

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 29-июнга карата, Ноокат районунда жалпы 22 куткаруучу жумуш алып барууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Ал эми сел жүргөн аймактарда жарандарды куткаруу жана коопсуз жайга көчүрүү жумуштары жүрүүдө.

Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик менен бирге сел жүргөн аймактарда жабыркаган жарандарга эки портер машина менен жеткирүүгө жөнөп кетишти.

Оштун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында 28-июнда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн. Сел көпүрөлөрдү, электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.

Исанов, Көк-Жар, Абшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар, анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде эс алып отурган  7 адамды сел суусу агызып, 5 адамдын сөөгү табылган. 2 адамды издөө иштери уланууда.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты