Ноокат районунун Жийде айылында сел жүрдү
- 2 года мурун
- Видео
Баштапкы маалымат боюнча, бүгүн, 18-июлда, Ош облусунун Көк-Жар айыл аймагында саат 20:15 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Жийде айылында сел жүрүп, натыйжада Ош-Баткен-Разаков унаа жолунун 55, 57 жана 63-чакырымдарын каптап, каттам убактылуу жабылган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, унаа жолду тазалоого №37 жол-тейлөө кызматынан грейдер, жүктөгүч жана айыл аймагынан экскаватор тартылган.
Тактоо иштерине Ноокат райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. Кошумча маалымат берилет.
Андан кийин Ош-Баткен-Раззаков жолу бир тараптуу ачылганы маалымдалды.
Сүрөт: Видеодон
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




