Нью-Йоркто өрттөн каза тапкандардын саны 19га жетти. Алардын тогузу жаш балдар

  • 2 года мурун

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бронкс районунда турак үйдөн өрт чыгып, 19 киши көз жумду. Алардын тогузу жаш балдар.

Нью-Йорк мэринин башкы кеңешчиси Стефан Рингель курмандыктар жөнүндөгү маалыматты тастыктады. Шаардык администрациянын атын атабаган башка бир өкүлү Associated Press агенттигине балдар тууралуу кабарды ырастады.

Рингель 50дөн ашуун адамдын денеси ар кыл деңгээлде күйүк алганын, дагы 13 адамдын абалы оор экенин билдирди. Көбүнүн дем алуу органдары жабыркаган.

Нью-Йорк шаарынын өрт башкармалыгынын маалыматына караганда, жалынды өчүрүүгө жана батирлердеги жашоочуларды куткарууга 200дөй өрт өчүрүүчү тартылган.

9-январдагы өрт шаар тарыхындагы акыркы он жылдагы курмандыгы эң көп окуя катары катталды.

Бир нече күн мурда Филадельфияда да ири өрт кырсыгы катталып, 12 киши, анын ичинен сегиз бала мерт болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты