Нью-Йорк шаарынын мэри болуп, демократ Зохран Мамдани шайланды

  • 1 месяц мурун

Нью-Йорк шаарынын мэри болуп, Демократиялык партиянын өкүлү, 34 жаштагы Зохран Кваме Мамдани шайланды. Мамдани бул кызматтагы биринчи мусулман мэри болмокчу.

Анын атаандашы Нью-Йорк штатынын мурдагы губернатору Эндрю Куомо болду. Расмий түрдө добуш берүүнүн жыйынтыгы чыга элек, бирок Куомо шайлоодо жеңилип калганын мойнуна алды.

CBS News басылмасынын божомолуна караганда,  Мамдани  50,3%  добушка, Куомо — 41,6% добушка жетишти.

Нью-Йорк шаарынын шайлоо кеңешинин маалыматтары боюнча, добуш берүүгө 2 миллиондон ашык адам катышты, бул 1969-жылдан берки рекорддук көрсөткүч катары эсептелүүдө.   

Зохран Мамдани 2026-жылдын 1-январында ант берет. Ал Нью-Йорк шаарынын бир кылымдан берки эң жаш мэри жана шаардын тарыхындагы биринчи мусулман мэри болуп калат.

Зохран Мамдани Угандада туулган, Түштүк Африканын Кейптаун шаарында чоңойгон. Нью-Йорк шаарына 7 жашында көчүп келишкен.  

АКШнын президенти Дональд Трамп көз карандысыз талапкер Эндро Куомого добуш берүүгө чакырган. Эгер Зохран Мамдани шайлана турган болсо, федералдык каражатты азайта турганын билдирген.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты