Өндүрүш Токтонасыров бошотулганын билдирди
- 2 года мурун
Активист Өндүрүш Токтонасыров боштондукта экенин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Буга чейин Токтонасыровду милиция кызматкерлери тарабынан кармалганы тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова кабарлаган.
-Ал Киев көчөсүнө чыккан жана Путиндин келишине каршы акция өткөрмөк. Бирок ал плакатын дагы ачууга үлгүргөн жок. Аны милиция кызматкерлери кармап кетти, -деген укук коргоочу.
Активист Токтонасыров буга чейин да Орусиянын Украина согушундагы аракеттерине каршы акция уюштуруп келген. 17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акцияга чыгып, Украинадагы согушка каршылык билдиришкен.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммити 9-декабрда Бишкекте өтөт. Орусиялык журналисттер саммитке Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган делегация катышарын жазышты.