Наталья Никитенко:  Өкмөт карылардын колундагы акыркы каражатын тартып алууну көздөөдө

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Наталья Никитенко пенсиялык реформаны сындады.

 “Бийлик экономикалык жеңиштерин жар салып жатпады беле, “Кумтөр” биздики, алтынды эми аябай алабыз деп.  Анда эмне, бийлик эң жакыр жана корголбогон адамдарды, пенсионерлерди тоноп жатат?” деди Никитенко Фейсбук баракчасында.  

-Кечээ пенсиялык реформанын бетачары болду. Анда биз эмнени көрдүк? Карапайым адамдардын жашоосунун жакшырганынбы?  Балким биздин карылар, Европадагыдай, Испаниядан жер алып, деңиз жээгинде жашагыдай шарттыбы? Албетте, жок. Биздин өкмөт карылардын колундагысынын акыркысын тартып алууну көздөп жатат.  

Кайсы бир себептер менен эмгек стажын ала албай калгандардын акыркы тыйынын тартып алгысы келет. Сен мүмкүнчүлүгү  чектелген баланы карадыңбы же 90-жылдары “челнок” болуп жер кезип, эмгек китепчеси жок эле иштедиң беле, ал эске алынбайт.  Андай жагдайга ким күнөөлүү, бийликпи, базар экономикасыбы? Бирок эмгекчи эл буга күнөөөлүү эмес. Ошентсе да,  эмгекчи элди жазалап жатышат. Жарыбаган пенсия алып, ошол элек кезде иштеп, кошумча акча алып жаткандарды пенсиясынан ажыраткысы келип жатат.

Мен түшүнбөйм, бийлик экономикалык жеңиштерин жар салып жатпады беле, “Кумтөр” биздики, алтынды эми аябай алабыз деп.  Анда эмне, бийлик эң жакыр жана корголбогон адамдарды, пенсионерлерди тоноп жатат?

Жасаган иштерине караганда, бул бийлик  биздин өлкөдө пенсия алып жашабайт окшойт.  Бирок биз пенсияга чыгып, пенсияга жашайбыз да.  

Сен бул пенсиялык өзгөрүүнүн өзүм билемдигин токтотууну талап кылам. Айтмакчы, мамлекет милдеттүү. Муну жада калса, мектеп окуучус да билет. Коомдук келишимдин маңызы ушунда.  

Мамлекет жарандарын коргош керек, сапаттуу билим бериши керек, талаптагыдай саламаттык сактоону камсыздашы керек, татыктуу карылыкты камсыздашы керек.  

11-апрелде Жогорку Кеңештин cоциалдык саясат боюнча комитети Кыргызстандагы пенсия системасын реформалоо жана 2023-2026-жылдарга милдеттүү медициналык камсыздандыруунун өнүгүү боюнча концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү.

Сүрөттө: Натаья Никитенко. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты