Кыргызстанда аялдардын пенсия курагын жогорулатуу сунушталууда

  • 2 года мурун

Кыргызстанда аялдардын пенсия курагын эки жылга — 58 жаштан 60 жашка жогорулатуу сунушталууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева пенсиялык системаны реформалоо боюнча өтүп жаткан парламенттик угууда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө пенсионерлердин 70 пайызын аялдар түзөт жана алардын жашоо узактыгы эркектердикине салыштырмалуу жогору.

“Ошону менен катар аялдар эркектерге караганда пенсияга эрте чыгышат. Башка өлкөрдө эркектер менен аялдар пенсияга бир куракта чыгат. Мисалга, Европада бардыгы пенсияга 65 жаштан чыгат. Казакстан дагы буга этап-этабы менен өтүүдө. Орусия муну мамлекеттик кызматкерлердин арасында киргизе баштады. Биз азырынча пенсия курагын теңдөө тууралуу сөз кылган жокпуз, аялдардын пенсия курагын 58ден 60ка чейин көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Мамлекеттик кызматта эч ким 58 жаштан пенсияга кеткиси келбейт. Аялдар 58 жашта дагы эле жаш бойдон”, – деди Жуматаева.

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргызстандагы пенсия системасын реформалоо жана 2023-2026-жылдарга милдеттүү медициналык камсыздандыруунун өнүгүү боюнча концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угууларды өткөрүүдө.

Анда жеңилдетилген шартта мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууну жоюу маселеси каралып жатканы маалымдалды. Ошондой эле аскердик кызматкерлердин пенсиясын 16 пайызга чейин оптимизациялоо, пенсиялык топтомду чет өлкөлүк валюталар менен жүргүзүүгө уруксат берүү, мамлекеттик топтомо фонддон ипотекалык насыяга баштапкы төлөм үчүн же онкологиялык оорулар жана жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккандарга берүү маселелери да айтылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты