Нарында сел каптаган үйлөр тазаланууда  

  • 12 месяцев мурун

Нарын шаарында кечээ, 22-июнда, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Коргон, Интернат аймактарында жайгашкан турак жайларды, көчөлөрдү тоо коктуларынан түшкөн сел суулары каптаган. Бүгүн да сел сууларын тазалоо иштери жүрүп жатат.  

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов абал менен жеринен таанышууда. Баштапкы маалыматка ылайык, 45 турак үйдүн короо-жайын каптап, 2 турак жайдын ичине кыян суулары кирген. Алардын ичинен 14 турак жай мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан камсыздандырылган.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жалпы 30 куткаруучу тартылып, кыян суулары кирген турак жайлардын ичиндеги сууларды мотопомпанын жардамы менен сыртка сордуруп чыгышкан.

Жарандык коргонуу кызматтарынан Нарын суу-канал башкармалыгынан  тиешелүү техника жана кызматкерлер тартылган.

Жалпы сел кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 49 куткаруучу, Нарын шаардык жарандык коргонуу кызматтарынан 28 кызматкер иш алып барууда.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты