Нарын темир-бетон заводу мамлекетке кайтарылды

Мурдагы Нарын темир-бетон заводу, ошондой эле Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан жалпы аянты 6,6 га кум карьери мамлекеттин балансына кайтарылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, “2002-жылы Нарын шаардык администрациясы жерге жайгаштыруу чөйрөсүндөгү өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен       «Мунара Курулуш» акционердик коомуна Нарын дарыясынын боюндагы «Запин» участогунда жайгашкан жалпы аянты 6,6 га жер участогун бекитип бергени аныкталган. Буга чейин аталган жер тилкеси Нарын темир-бетон заводуна таандык болгон. Кийинчерээк буйруктун негизинде Нарын шаарындагы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын жооптуу адамдары «Мунара курулуш» АКсынын ээсине 6,6 га жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт беришкен”.

Бул факт боюнча материалдар маалыматтардын электрондук журналына  катталып, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча аталган участок Нарын шаардык мэриясынын балансына кайтарылды. Темир-бетон заводунун жана карьердин базар баасы 1 млрд.79 млн сомду түзөрү аныкталган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты